Кыргызстандагы Журналисттер союзу белгилүү журналист, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Бүбүкан Досалиеванын дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу анын жакындарына, кесиптештерине жана замандаштарына көңүл айтууда. Бул тууралуу Журналисттер союзунун жетекчиси Абдыкадыр Султанбаев «Азаттыкка» билдирди:
«Кыргызстандын журналистика тармагы чоң жоготууга учурады. Мыкты журналист, окумуштуу, окутуучу Бүбүкан Досалиева дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Биз анын жакындарына жана кесиптештерине, жалпы кыргыз элине көңүл айтабыз», - деди Абдыкадыр Султанбаев.
Бүбүкан Досалиеванын дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтуусун Кыргызстандагы Көз каранды эмес журналисттер союзу да билдирди. Көңүл айтууну уюмдун «Фейсбуктагы» баракчасына анын жетекчиси Азамат Касыбеков жайгаштырды.
5-июлда жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог айымдардан эле. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. Ал КТРК, «Сары Өзөн Чүй» сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.
Б.Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.
1995––2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа / Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматынын «Азаттык Медиа» мекемесинин кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеген. (ZKo)