Мамлекеттик www.tizme.gov.kg сайтында шайлоочулардын баштапкы тизмеси добуш берүүгө 80 күн калганда, тагыраак айтканда 16-июлда жарыяланат. Ал эми шайлоого 70 күн калганда аймактык шайлоо комиссияларында илинет. Шайлоочулар тизмеден өздөрүн тактап, жок болсо аймактык шайлоо комиссиясына кайрылууга тийиш. Бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 6-июлда таратты. Ага ылайык, 26-июлдан 20-сентябрга чейинки убакта ар бир шайлоочу өзүн тизмеден тактап, добуш берүүчү ордун алмаштырууга да укуктуу.
Жашы 18ге толгон, биометрикалык каттоодон өткөн кыргызстандык жарандар 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша алышат.
«Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар шайлоого чейин элди тейлөө пункттарынан же добуш берүү күнү – атайын уюштурулган түйүндөрдө каттоодон өтө алышат. Биометрикалык каттоо шайлоонун бурмаланышынын алдын алыш үчүн маанилүү» деп жазылган БШКнын маалыматында.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун 2-июлдагы буйругуна ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга дайындалган. (ZKo)