Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаш үчүн жабдык жана шаймандар жетишпей жатат. Бул тууралуу 6-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, стандартка ылайык, 39 позиция боюнча медицина жабдыктары жана шаймандар керек. Бүгүнкү күндө алардын 23ү жетишсиз.
«Жер-жерлерде 23 позиция боюнча толук жетишпей жатканын мойнубузга алабыз. Эң негизгиси - оксигенатор жана жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ) тартыш», - деди ал.
Оксигенатор - канга кычкылтек берип, андагы көмүр кычкылын чыгарып туруучу аппарат.
Кыргызстанда жалпысынан 18-марттан 6-июлга чейин коронавирус 7691 адамдан табылды, алардын ичинен 92 бейтап кайтыш болду, 2843 бейтап айыгып кетти.
Өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандар да көбөйүдө. Март айынан бери бул илдеттен 195 бейтап көз жумду.
Азыр ооруканаларда коронавирус болгон 625, пневмония болгон 2,5 миңдей бейтап жатат.
Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.
Ал эми Бишкектин «Тез жардам» кызматы адатта жылдын бул мезгилинде «суткасына ашып кетсе үч бейтап пневмония менен ооруканага жаткырылчу» деген маалымат тараткан.
Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек. (RK)