Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш жума күнү үч чех саясатчысына кол салуу болгону жатканы тууралуу Орусиянын элчилигинин кызматкерлери жалган маалымат беришкенин, ошондуктан алар өлкөдөн чыгарыларын билдирди. Бабиш мындай калп маалыматтын таратылышын элчиликтин ичиндеги өз ара ыйкы-тыйкы мамиле менен түшүндүрдү.
Чехиядан чыгарыла турган орус дипломаттарынын аты-жөнү ачык айтылган жок. Москва бул окуяга байланыштуу азырынча үн ката элек.
Өткөн айда чех маалымат каражаттары Праганын жетекчилерин ууландырууну көздөгөн болушу мүмкүн деген орусиялык дипломаттын ысымын аташкан. Анда Прагадагы «Россотрудничествонун» өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин милдетин аткарып келген Андрей Кончаков тууралуу сөз болгон.
Анын алдында «Респект» басылмасы өз булактарына таянып, орусиялык дипломат Прагага карантин киргизилгенче келип, өзү менен кошо уулуу рицин затын ала келгенин жазган. Ал чех баш калаасынын мэрин жана эки райондун акимин ууландырууга багытталган болушу мүмкүн экени да кабарланган. Ушундан улам аталган аткаминерлер кайтарууга алынган.
Орусиянын элчилиги бул маалыматты четке кагып келген.
Мунун алдында Праганын жетекчилиги менен Орусия Чехиянын борбор шаарында киши колдуу болгон орус оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун ысымынын аянтка берилишине, маршал Иван Коневдин эстелигинин алынышына байланыштуу кайым айтышып жаткан.