АКШдагы таасирлүү укук коргоочу уюмдардын бири - Жарандык эркиндиктин америкалык союзу (ACLU) бейшембиде президент Дональд Трамптын администрациясына доомат койду. Анда «Ак үй америкалык жарандардын тынч жыйындарга чогулууга карата конституциялык укугун бузган» деп айтылат.
ACLU ушул аптанын башында Ак үйдүн алдындагы Лафайет аянтына Дональд Трамп келерде ал жактагы демонстранттар кууп таратылганын айыптаган. Уюмдун билдирүүсүндө «президент Трамп, башкы прокурор Барр жана башка расмий адамдар каршылык ациясына чыккандардын укуктарын бузуу максатында мыйзамсыз жең ичинен келишип алышкан» деп белгиленген.
Ак үй буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Трамп 1-июнда жоон топ адамдын коштоосунда резиденциядан чыгып алып, демонстранттардан тазаланган ээн аянтка барган жана андан бир күн мурда өрттөлгөн Ыйык Иоанн чиркөөсүнүн жанында сүрөткө түшкөн. Анын бул аракети сынга кабылган.
АКШда соңку нааразылык акциялары Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн Жорж Флойд аттуу ынды кара адамдын өлүмүнүн айынан башталган. Көчөгө чыккандарды Жорж Флойдду дем ала албай жатканына карабай, мойнун ныгыра басып муунткан полиция кызматкеринин аракети тартылган видео тасма жаалданткан.