11-12-декабрь күндөрү Кыргызстанда электр энергиясы мурда болуп көрбөгөндөй көп пайдаланылып, чектен ашты. Энергетика министрлиги 13-декабрда тараткан маалыматка ылайык, кыш түшүп, күн сууктагандан тарта электр энергиясын пайдалануу күч алды. 12-декабрь күнү 3 612 мегаватт электр энергиясы сарпталды, суткалык керектөө 78,931 млн кВт саатка жетти. Министрликтин белгилөөсү боюнча электр энергиясы Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ушунча көп пайдаланылды. Электр энергиясы эң көп сарпталган учур былтыр 14-декабрда болгон. Читать дальше...
АКШ Башар Асаддын режиминин кулашын Сириядагы жарандык согуш учурунда миңдеген адам өлтүрүлгөн жана жарадар кылынган химиялык куралдарды жок кылуу мүмкүнчүлүгү катары карап жатат. Мындай билдирүүнү АКШнын Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмундагы элчиси Николь Шампейн жасады. Ал Reuters агенттигине курган маегинде АКШ уюмдун Сириядагы химиялык арсеналды жок кылуу аракетин колдоого аларын белгиледи. "Сириядагы Асаддын режими химиялык куралды бир нече ирет колдонгон. Нерв системаларын ууландыруучу зарин химиялык куралын... Читать дальше...
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын Жакынкы Чыгыштагы топторунун алсызданышынан жана Сирияда Башар Асаддын режими кулашынан улам Израилдин аба күчтөрү Сириянын асманында эркиндик алды деп эсептейт. Израилдик аскер кызматкерлери эми Ирандын өзөктүк объекттерине сокку урууга шарт түзүлгөнүн бейшембиде билдиришкен. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазды. Израил армиясынын баасына караганда, Ирандын бийлиги Асаддын режими кулап, Ливандагы "Хезболла" радикал уюму алсыздангандан кийин өзүнүн өзөктүк программасын өнүктүрүүнү уланта берет. Читать дальше...
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы 13-декабрда билдиргендей, Бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгы менен чогуу өлкө аймагында чет өлкөлүк номурлуу унааларды текшерүүнү улантып жатышат. Маалыматка ылайык, Абхазия, Орусия жана Армениянын номуру менен жүргөн унаалардын мыйзам бузуу фактыларын аныктоо үчүн айып кароо жайына токтотушууда. Биргелешкен рейддин алкагында өлкө аймагында Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирилген 300дөн... Читать дальше...