Кыргызстанда орус валютасы - рублдын сомго карата курсу түшүп кетти. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 28-ноябрда рублдын курсу 81 тыйын деп турат. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир рубль 78 тыйындан сатып алынып, 83 тыйындын тегерегинде сатылууда. Ал эми Орусиянын өзүндө ушул күндөрү 1 доллар 113 сомго чейин көтөрүлүп кетти. Расмий маалыматка караганда, Орусияда 411 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Алар рублдын куну түшсө тапкан каражаты Кыргызстанга салганда аз болуп жатканын айтышууда. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 27-ноябрдагы отурумунда орто мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден мыйзамсыз каражат чогулткандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Документ эми президентке жөнөтүлөт. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга 20 миң сом айып салынат. Мектептерде фонддорду түзүп ал аркылуу каражат жыйнаган адамдар 40 миң сом, юридикалык жактар 60 миң сом айыпка жыгылат. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына барды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы президент Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катыша турганын билдирди. Быйыл Казакстан ЖККУда төрагалык милдетти аткарып жаткандыктан уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити бул жолу Астанада өтүүдө. 1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө – Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан бар. Читать дальше...
Бүгүн Астанада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астанага шаршембинин кечинде барды. 27-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин коңшу өлкөгө мамлекеттик сапар менен келди. Ошол эле күнү эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу жабык өттү.