Дордой десе эле жергиликтүү элден баштап чет элдиктерге чейин "Дордой" базарын түшүнүп калды.
Украинанын Коопсуздук кызматы Запорожьеде Орусиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген шек менен мурдагы полиция кызматкери кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал “чөлкөмдөгү социалдык, саясий жана экономикалык абал тууралуу маалымат чогултуп, Крымга утур-утур барып турган. Аннексияланган жарым аралда “маалыматтарды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлүнө” өткөрүп келген". Мунун алдында, 18-июлда атайын кызмат Полтава облусунда ушундай эле шек менен мурдагы тартип коргоочу кармалганын билдирген. Читать дальше...
Аймактарда ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн 31-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Чүйдүн Панфилов районунда эл менен жолугушууда айтты. Мамлекет башчысы ишкердик үчүн берилген жеңилдиктер, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу, жеңилдетилген насыялоо боюнча иштерге токтолду. «Аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Акимдер жана жергиликтүү бийлик кошумча инвестицияларды тартууда активдүү иштөөсү керек, эл аралык каржы институттары Кыргызстан... Читать дальше...
Казакстандын Алматы облусундагы абактагы кыйноого байланыштуу түрмө башчысынын орун басары баштаган беш кызматкер камакка алынды. Мунун алдында социалдык тармактарда түрмөдө жаза өтөп жаткандардын колу-бутун байлап, сабап жатканы тартылган бир канча видео жарыяланган. Укук коргоочулар түрмөдө кыйноо көрсөткөндөргө жеңил жаза берилип калганына нааразы.
Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Виктор Самсонов учуучу аппаратын жасап жатат. Төрт орундуу кичи тик учагын учурууну ал эки жылдан бери кыялданып жүрөт. Биринчи топтогу майып күнүмдүк жашоосуна каражатты маркумдарга эстелик жана ар кандай айкелдерди жасап табат.
Болгария Кошмо Штаттардан 1,67 миллиард долларга Ф-16 истребителдерин алмакчы. Келишимге кол коюу үчүн өлкөнүн быйылкы бюджетине өзгөртүү киргизилди. АКШнын Мамлекеттик департаменти жасаган билдирүүдө “Биз премьер-министр Бойко Борисовдун жана болгар өкмөтүнүн кубаттуу, НАТО колдонгон учактарды алуу менен армияны модернизациялоо аракеттерин кубаттайбыз” деп айтылат. 23-июлда Болгариянын президенти Румен Радев келишимге жол ачкан документке вето койгону менен мыйзам чыгаруучулар дагы бир жолу добуш беришти. Читать дальше...
Орусиянын “Газпром-Кыргызстан” ишканасы Бишкекке курган орто мектепти өзү иштетет, бул үчүн мэрия менен ижара келишими түзүлөт. Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары бүгүн 31-июлда кезексиз сессияга чогулуп, бир добуштан колдоп беришти. 960 орундуу мектеп быйыл 1-сентябрда окуучуларды кабыл алат, ал Кыргызстандын быйыл 100 жылдыгы белгиленип жаткан мурдагы жетекчиси Турдакун Усубалиевдин ысымын алып жүрөт жана номуру жүзүнчү болот. Орундардын 20% Бишкектеги аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына бекер берилет. Читать дальше...
Конгонун Гома шаарында Эбола вирусунун экинчи учуру тастыкталды. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму 2 миллион киши байырлаган калаада үстүбүздөгү айда глобалдык өзгөчө абал жарыялаган. Былтыр августта илдет жайыла баштагандан бери Конгодо Эболадан 1 миң 600дөн ашуун киши көз жумду. 75 миллион киши текшерүүдөн өткөрүлгөн ири кампаниянын жыйынтыгында вирустан негизинен эки чөлкөм жапа чеккени аныкталды. Гома – Руанда менен чек арага жакын жерде орун алган. Ал жакта эл аралык аэропорт да бар. 18-июлда... Читать дальше...
Түндүк Корея бир жумада экинчи жолу кыска аралыкка уча турган баллистикалык ракеталарын сынады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабы билдирди. "Мындай аракеттер жарым аралдагы чыңалууну жөнгө салууга салым кошпойт", - деп белгиленет штабдын билдирүүсүндө. Эки ракета 30 километр бийиктикте 250 километр алыска учуп барып Жапон деңизине түшкөн. 25-июлда Пхеньян Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын июндагы жолугушуусунан кийин биринчи жолу ракетасын сынаган. Читать дальше...
АКШ кыргызстандыктарга бериле турган студенттик жана жумуш визаларына төлөмдөрдү азайтат. Арзандаган сумманын баасы азыр так айтыла элек, тийиштүү процедурадан соң жарыяланып, быйыл 7-августта күчүнө кире турганын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады. Буга чейин визанын түрүнө жараша 160 доллардын тегерегинде төлөнгөн. Мындай макулдашууга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Жонатан Хеник Кыргызстанга сапарынын алкагында жетишилди. АКШнын... Читать дальше...
Ажылык - ислам дининдеги парздардын бири. Ихрамга кирүү менен башталып, азирети пайгамбарыбыздын мечитине барып, анын күмбөзүн зыярат кылуу менен аяктаган ажылыкта, бир канча ритуалдар бар экендиги жалпыга маалым.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун иш бөлмөсү жабык турат. “Азаттык” радиосунун кабарчысы мекеменин өзүнө барганда бөлмөнүн эшигине “Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгынын уруксатысыз ачууга тыюу салынат” деген жазууну көрдү. УКМКнын мөөрү басылган кагазда 2019-жылдын 31-июлу деп жазылып турат. Коопсуздук комитети (УКМК) азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек. Ага чейин интернеттеги... Читать дальше...
Беларуста 31-июлда эки аялды өлтүрүүгө айыпталган киши өлүм жазасына өкүм кылынды. Беларус өлүм жазасын колдонгон Европадагы жападан жалгыз өлкө. Минскиде жайгашкан “Вясна” укук коргоо уюму маалымдагандай, Витебск шаарынын соту Виктор Палау өткөн декабрда эки улгайган аялды сабап өлтүрүп, акчасын уурдап кеткенин аныктады. 50 жаштагы Палау кылган кылыгы үчүн өкүнөрүн айтып, соттон өмүрүн сактап калууну суранды. Жыл башында Беларуста дагы бир кылмышкер өлүм жазасына тартылган. Канча жылдан бери... Читать дальше...
“НьюТВ” телеканалы Курманбек Бакиев тууралуу тасманы көрсөтүү чечимин кабыл алып жатканда саясий да, коммерциялык да максат көздөгөн эмес. Мындай пикирин бүгүн 31-июлда “Азаттык” радиосуна телеканалдын жетекчиси Нурлан Шакиев билдирди: - Бул тасманы биз даярдаган жокпуз. Биздин телеканалдын эч катышы жок. Бул жерде эч саясат жок. Биз бейтарап телеканалбыз. Тасманы көрүп чыксак, Бакиевдин балалык чагы, окуучулук эле тагдыры экен. Ошондуктан көрсөтөлү деп чечкенбиз. Алар менен эч кандай байланышып же Бакиев тарапты колдоп... Читать дальше...
Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев жана мэриянын айрым кызматкерлери жер мыйзамдардын бузууга шектелип жатышат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын өкүлү Кадырбек Марайымбеков билдирди: - Бул эпизод боюнча Түлеев жана мэриянын башка кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, пайда көрүү максатында Түлеевге байланышы бар адамдарга жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен. Марайымбековдун айтымында, бул фактыны Октябрь райондук прокуратурасы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү... Читать дальше...
Республиканын булуң-бурчунан чогулган “Аккордеончу айымдар” тобу жакында аймактарды кыдырып келди. Учурда чыгармачыл топтун алты мүчөсү бар. Көбүнчө музыкант мугалимдерден түзүлгөн аккордеончулар негизинен жайкы каникул учурунда чогулуп концерт коюп, ар кандай теледолбоорлорго катышат.
Ооганстандын батышындагы Фарах чөлкөмүндө жолдун боюна коюлган бомба жарылганда автобуста бараткан 34 жүргүнчү каза болду, 17 киши жараат алды. Өлгөндөрдүн арасында аялдар менен балдар бар. Жергиликтүү полициянын өкүлү жардыруу 31-июлда эртең менен Кандагар-Герат жолунда болгонун, “бомбаны талибдер койгонун” маалымдады. Ооган өкмөтүнүн басма сөз катчысы Седик Седики да кол салуу үчүн Талибан кыймылын айыптады. Талибдер азырынча үн катыша элек. “Талибандын” согушкерлери бул аймакта активдүү. ... Читать дальше...
Айрым маалымат каражаттарында Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Борис Жонсондун теги тууралуу кызыктуу маалыматтар тарады.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Израилдин башчыларын Палестинада жасап жаткан мамлекеттик террорчулугу үчүн айыптады.
Чоң-Алайда орусиялык альпинистти издөөгө жалпысынан отузга жакын куткаруучу катышууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 22 адис тартылганын бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Издөө иштери бүгүн да уланууда. 30-июлда 6300 метр бийиктикте Иванов И.С. аттуу жаранга таандык сумка жана визит картасы табылган. 45 жаштагы орус жараны акыркы жолу 27-июлда байланышка чыккан. Ал Ленин чокусунан түшүп жатып, соңку жолу 5000 метр бийиктикке келгенде байланышкан. Ошо бойдон дайынсыз болууда.(RK)
Айрым ЖМКалар Каабада жанкечтилик жардыруу болгонун жарыялашкан.
Апта ичинде дүйнөдө болуп өткөн орчундуу окуялар сүрөттөрдө.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кирпич заводун сел каптап, табият кырсыгынын кесепетин жоюу иштери бүгүн да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 30-июлдун кечинде Жолголот айылында нөшөр жаандан улам сел өтүүчү каналдан суу ашып, кирпич чыгаруучу заводдун аймагын каптаган. Жеринде ыкчам чара көрүү максатында ӨКМдин Ак-Суу райондук ыкчам тобу, заводдун өзүнөн бир жүктөгүч жана бир экскаватор тартылып, сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланды.
Ош, 31-июль, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Кыргызстандын Ош облусунда жайгашкан Манас Ата зоосунан (мурдагы Ленин чокусу) түшүп келе жатып, жоголду делген турист изделип жатат.
Бүгүн, 31-июлда, UFC уюму менен Казакстандын атынан алгачкы мушкер кыз дагы келишим түзүп калмак. Бирок Мария Агапова уюмдун тандоо турниринин алкагында америкалык Трэйси Кортеске утулуп калганы белгилүү болду.