Ливиядан Европага келе жаткан мигранттар түшкөн кайык оодарылып, ондогон адам дайынсыз болуп жатканы маалым болду. АКШнын Качкындар иштери боюнча агенттигинин кабарлашынча, 25-июлда Жер ортолук деңизинде Ливиядан жол тарткан кеме оодарылып, кеминде 150 мигрант дайынсыз деп эсептелүүдө. Ал эми БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги дагы 150дөй мигрант куткарылып, Ливиянын жээк кызматы мекемесине өткөрүлүп берилгенин айтты. Африканын түштүгүндөгү жакырчылыктан улам Европага жетүүнү самап, мыйзамсыз... Читать дальше...
Ооганстанда бейшемби күнү үч башка жерде болгон кол салуу 50дөн көп кишинин өмүрүн кыйды. Теракт АКШ Ооганстанда тынчтык орнотуу максатында талибдер менен келишим түзүү аракетин көрүп жаткан маалда болду.
Украинада президент Зеленскийдин командасы парламентте көпчүлүк орунду жеңип, эми өкмөттү кураганы турат. Түркмөнстан президентинин айланасындагы түкшүмөл кептер, эмне үчүн постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлери кээде “жоголуп” турушат?
Украинанын Коопсуздук кызматы «Нейма» танкерин кармоо Орусиянын чек ара кызматынын өкүлдөрү Керч кысыгында ФСБнын жогорку кызмат адамдарынын буйругу менен украиналык «Никополь», «Бердянск» аскердик кемелерине жана «Яны Капу» буксирине «куралдуу агрессия жасагандан» кийин болгонун билдирүүдө. Орусиялык кеменин ичинде экипаждын он мүчөсү болгон. Айрым маалыматтарда алар коё берилгени айтылууда. «Украин кемелеринин кыймылы «Нейма» танкери жана курал колдонуу менен мыйзамсыз бөгөттөлгөн», - дейт Украинанын Коопсуздук кызматы. Читать дальше...
Орусияга кеткен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Путин менен жолуккандан кийин кайтып келди.
Француз метеорология институту 25-июлда Парижде аба ырайына көзөмөл жүргүзүлө баштагандан берки эң ысык аба ырайы катталганын билдирди. Абанын температурасы 25-июлда түшкү саат 13:40та 40,6 градустан ашса, кийин дагы көтөрүлгөнү айтылды. Бул температура 1947-жылы катталган рекорддук көрсөткүч болгон 40,4 градустан жогору болду дегенди билдирет. Ушул күндөрү Францияда гана эмес, жалпы Европада аба ырайы ысып жатат. Британ улуттук синоптикалык борбору 25-июлда аба температурасынын ушул айдагы жаңы жогорку көрсөткүчү катталганын... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайтып келди. Ал түшкөн учак бүгүн, 25-июлда Канттагы авиабазага келип конду. Аны авиабазанын алдынан тарапташтары тосуп алды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин «кыргызстандыктар азыркы бийликтин айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керек» деген билдирүүсүнө комментарий берди. «Урматтуу Владимир Путин же Трамп «биригиши керек» деп айтабы анын өзүнүн мезгили бар. Мен Владимир Путинге ошол мезгил өтүп кетти деп айттым. Бирок Сооронбай Жээнбеков аракет кылып көрсүн дедим. Элди бириктирүү, элдин биримдигин сактоо ишин биринчи күндөн башташ керек болчу», - деди Атамбаев. Читать дальше...
Тунистин демократиялык жол менен шайланган алгачкы президенти Байжи Каид Ассабси 92 жашында көз жумду. Ал ден соолугуна байланыштуу үчүнчү ирет ооруканага түшкөн жана 25-июлда аскердик госпиталда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Байжи Каид Ассабси 2014-жылы президент болуп шайланган. Ал 2011-жылы «араб жазы» деп аталган элдик толкундоолордун натыйжасында авторитардык башчы Зина ал-Абидин ибн Али бийликтен кулатылгандан кийинки демократиялык биринчи шайлоодо утуп, бийликке келген. Өлкө мыйзамына ылайык... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайтып келди. Ал түшкөн учак бүгүн, 25-июлда Канттагы авиабазага келип конду. Аны авиабазанын алдынан тарапташтары тосуп алды. Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып аны Москвага Орусиянын президенти Владимир Путин чакырганын жана атайын учак жибергенин билдирди. «Ал (Владимир Путин) менин досум, жакын адамым. «Келип кет» деп атайын самолёт жөнөттү. Бул биринчи эле жолкусу эмес. Буга чейин да эки-үч жолу суранды. Такыр эле барбай койсом да уят болмок. Читать дальше...
Орусияда борбор азиялыктар иштеген «Яндекс.Еда» сервисине 1 миллион рубль айып тагылды.
Би-Би-Синин орус кызматы Владимир Путиндин улуу кызы деп саналган Мария Воронцованын бизнесин иликтеп чыкты.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжалда ар кандай жараат алып ооруканага баш-аягы 31 адам кайрылганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Учурда алардын 17си ооруканада дарыланып жатат. Алардын абалы туруктуу жана дары-дармек жетиштүү экени айтылды. Чек ара чырынан кийин жабылган Исфара-Ворух, Ош-Исфана жолу бүгүн ачылып, Ак-Сай айылынын коопсуз аймакка чыгарылган тургундары кайра үйүнө көчүрүлдү. Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эртең... Читать дальше...
Белгилүү улакчы Манас Ниязовго АКШнын көкбөрү боюнча курама командасын машыктыруу боюнча сунуш келип түштү. Ал 25-июлда АКШнын элчилигине барып келгенин, Американын командасын машыктырууга макулдук бергенин билдирди. Бирок Ниязов АКШ көкбөрүчүлөрдү машыктыруудан мурда, бир нече талабы бар экенин айтып өттү. Көкбөрүчү өзүндө жана “Достук” командасындагы акыркы жаңылыктардан да бөлүштү.
Каракол шаарынын четиндеги көл жээгинде эс алып жаткандардын бири чөгүп баратканын байкаган туристтик милициянын кызматкерлери дароо сууга секирип, жаш жигитти куткарып калган. Суудан чыгаргандан кийин ага туристтик милиция биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Окуя бүгүн, 25-июлда 15:00 чамасында Каракол шаарынан анча алыс эмес Пристань шаарчасынын көл жээгинде болгон. Ысык-Көлдө быйыл жайкы эс алуу мезгилинде чет мамлекеттерден келген эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга туристтик милиция кызматкерлери тартылган. Читать дальше...
Москва мамлекеттик университетинин студенттери алты айдан бери камакта жаткан механика-математика факультетинин аспиранты Азат Мифтаховду бошотууга чакырган акция өткөрүштү. Адам укугун коргоочулар "жаш окумуштуу саясий жүйө менен камалды жана ал кыйноого кабылышы мүмкүн" деп билдирүүдө. “МГУнун демилгелүү тобу” 25-июлда университеттин алдына “Азатка эркиндик!” деп жазып, “ВКонтакте" социалдык тармагына билдирүү таратышкан. Алардын айтымында, ректор Виктор Садовничий бийликтеги «Бирдиктүү Орусия»... Читать дальше...
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясынын ишинде кемчиликтер бар экенин айтты. Ал бул тууралуу Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосунда жергиликтүү эл менен жолуккан учурда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. «Компаниянын ишинде бир катар мыйзам бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы... Читать дальше...
Казакстандын саламаттык сактоо министри Ержан Биртанов 24-июнда Арыстагы курал-жарак кампасында болгон жарылуудан жараат алган наристенин абалы өтө оор экенин билдирди. Министрдин айтымында, ал күнү жарадар болгон дагы эки киши Алматы жана Чымкенттеги бейтапканаларда калууда. Дарыгерлер алар сакайып баратканын айтышты. Казакстандын Арыс шаарында 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, расмий маалымат боюнча үч киши мерт болгон. Анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып... Читать дальше...
Өкмөт жыл башынан бери 3,5 миллиард сом салык чогулбай калганын мойнуна алды. Салык кызматы топтолбой калган сумма мындан азыраак деп ишендирүүдө.
Британиянын жаңы премьер-министри Борис Жонсон шаршемби күнү министрлер кабинетинин алгачкы жыйынын өткөрдү. Өкмөт башчы алдыда өлкө үчүн өтө маанилүү максат турганын айтып, Британия 31-октябрда же балким андан эрте Европа биримдигинен чыгарын билдирди. “Эч кандай “эгер”, “бирок” деген шарт болбойт”, - деди премьер. 23-июлда Лондон шаарынын мурдагы мэри, мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон консерваторлор партиясынын лидери болуп шайланып, мурдагы өкмөт башчы Тереза Мэйдин ордуна келген. Читать дальше...
Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу жумушчу кеңешменин жыйынтыгында айтты. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Сагынбаев Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арада чыр-чатактарга жол бербөө боюнча эки тараптуу... Читать дальше...
Хабаровск крайынын соту төрт баланын өлүмүнө алып келген кырсык боюнча талаа лагеринин директору Максим Кузнецовду жана анын негиздөөчүсү Виталий Бурлаковду камакка алды. Алар “талапка жооп бербеген кызмат көрсөтүү ишин уюштурган” деп айыпталууда. Балдар лагеринде өрт 23-июлда түн ичинде тутанган. Анда 26 чатырдын 20сы толугу менен күйүп кеткен, өрт чыккан маалда ал жерде 189 бала болгон. ТАСС маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарга таянып, лагердин кызматкерлери алгач өрттү өздөрү өчүрүүгө аракет кылганын... Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам коопсуз аймакка чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын 600дөй тургуну бүгүн, 25-июлда кайра үйлөрүнө жеткириле баштады.
Кыргыз өкмөтү 2019-2023-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын бекитти. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 25-июлда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Аткаруу бийлиги документ бажы процесстерин автоматташтырууга (санариптештирүү), бажы операцияларын тездетүүгө, жөнөкөйлөштүрүүгө жана коррупциялык иштерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берерин жарыялады. Аталган стратегиянын негизинде аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынды. Анда «бажы... Читать дальше...
Каракол шаарында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Диний кырдаалды изилдөө борбору жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) укук коргоо органдарынын кызматкерлерине экстремизмге жана терроризмге каршы эки күндүк окутуу иш-чараларын өткөрдү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат кызматы билдирди. Тренингдин максаты - радикалдуу жана экстремисттик идеологияларды жайылтуунун алдын алууда мамлекеттик органдардын дараметин чыңдоо, экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү... Читать дальше...