Түркиянын согуштук учактары акыркы бир аптанын ичинде Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан жумушчулар партиясынын (ППК) орундарын төртүнчү жолу бомбалашты.
Профессор Надер Интисар: Араб өлкөлөрүнүн саясий утулуулары менен кылмыштары Трамптын Голан бийиктиктерин Израилге өткөрүп берүү чечимине жакшы учур тартуулады.
Европа Биримдигинин гуманитардык жардам жана кризиске каршы чаралар боюнча комиссары Христос Стилианидис Twitter баракчасына уюм Ирандагы селден жабыркагандарга 1,2 млн. евро суммасындагы алгачкы жардамын бөлгөнүн билдирди.
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги өлкө жакын арада Араб деңизинде мыйзамсыз балык уулоого чыгып, кармалып калган 360 индиялыкты түрмөдөн бошоторун жарыялады. 5-апрелдеги билдирүүнү серепчилер өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну басаңдатуу аракети катары кабыл алышты. Индия менен Пакистандын мамилеси ушул жылдын февраль айында куралдуу кагылышуудан кийин начарлап кеткен. «Пакистан түрмөдөгү 355 индиялык балыкчыны жана беш жаранды жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотот. Читать дальше...
«Манас» эл аралык аэропортунун бейтарап аймагында Арлен Хадаа аттуу жарандыгы жок адам 70 күндөн бери жашап жатат. Арлендин аялы, эки баласы Норвегияда жашайт. Аны 2016-жылы Кыргызстанга депортациялашкан. Хадаа Кыргызстанда жашаганы жөнүндө убактылуу документ алып, кайра Норвегияга кетүүгө аракет кылган учурда Орусиянын Миграция кызматы Москвадан Бишкекке 19-январда депортация кылып жиберген. Документтери так болбогону үчүн Кыргызстанга да кире албай отурат.
Бишкек шаарынын мэриясы Кара-Көл көчөсүн кеңейтиш үчүн Ботаникалык бактагы дарактарды кыюудан баш тартканын билдирди. «Ботаникалык бактын аймагы корукка алынган өзгөчө жер болуп эсептелет жана анын чек араларын аныктоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн милдети болуп саналат», - деп айтылат мэриянын маалыматында. Буга чейин активисттер бакты коргоп калыш үчүн нааразылык акцияларына чыгып жүрүшкөн. Алардын айтымында, «баш калаанын өпкөсү» деп эсептелген Ботаникалык бакта дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан алынып келип... Читать дальше...
Президент спорт жаатындагыларга бекем ден соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди каалаган.
Бишкектеги Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн короосунда бак кулап, үч автоунааны басып калды. Түндө жааган катуу жаандан улам тамыры чирип калган бак өз салмагын көтөрө албай кулап түшкөн. Окуя таңга жуук болгондуктан эч ким жабыркаган жок. Учурда окуя болгон жерде "Бишкек жашылдандыруунун" кызматкерлери иштеп жатат. Автоунаа ээлери келтирилген чыгымын төлөп берүүнү шаардык мэриядан талап кыларын айтышууда. (JJo/KR)
Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында элеттик кыз-келиндер жана аялдар арасында футболдук мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюштуруучулардын бири Каныкей Турсунбаева билдирди. Аримжан жана Чоң-Багыш айылдарынан чогулган аялдардын 10 командасы топ тепкенден тышкары, кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана тамак-аш азыктарынын жармаңкесин уюштурушкан. «Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» програмасынын алкагында уюштурулган иш-чара аялдардын спортко кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт. Читать дальше...
Кытайдагы Шаолинде балдар алты жашынан тарта кунг-фу менен машыга баштайт.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо "Орусия жана башка тышкы оюнчулар алдыдагы парламенттик шайлоого кийлигишүүсү мүмкүн" деп кооптонуп турганын билдирди. "Биз акыркы жылдарды тышкы оюнчулардын демократиялык процесстерге кийлигишип келгенине күбө болдук. Өлкөгө бүлүк салган өнөктүктөрдүн артында Орусияга окшогон мамлекеттер турары белгилүү болду", - деди Трюдо 5-апрелде Торонтодо өткөн конференцияда. АКШнын атайын кызматтары жана Евробиримдик Орусияны АКШда өткөн 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишти деп айыптаган. Читать дальше...
Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын курултайы жабык өтүүдө. Курултайды чагылдырууга барган "Апрель" телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер киргизилген жок. Курултайдын уюштуруучулары саат 12:30да жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө басма сөз жыйынын өткөрүү менен гана чектелери белгилүү болду. Курултайга экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышары айтылган. Буга чейин "Атамбаевсиз КСДП" деп аталган кыймылдын башында турган Сагынбек Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын курултайын өткөргөн. Читать дальше...
Чөкүш Сулайманов карапайым калк арасынан чыккан ак жүрөк коммунист болчу.
Аксы районундагы эки айылдын тургундары кен казган компаниялардын айылды аралап өткөн оор жүк ташуучу автоунааларына нааразы болуп жатышат.