АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусияда америкалык жарандын тыңчылыкка шектүү катары кармалышы тууралуу комментарий берди. Ал Кошмо Штаттардын Орусиядагы консулдугунун өкүлдөрүнө Пол Уилан менен жолугууга уруксат берилет деп күтүп жатканын, эгер ага тагылган айыптар негизсиз болсо, анда Вашингтон Москвадан өз жаранын кое берүүнү талап кылаарын 2-январда Бразилиядагы сапары учурунда айтты. Помпео АКШ Орусиядан өз жаранынакандай айыптар коюлуп жатканын так түшүндүрүүнү да сураганын кошумчалады. Читать дальше...
Даниядагы поезд кырсыгынан алты киши мерт болуп, он алтыдай адам жаракат алды. 2-январда өлкөнүн эки негизги аралын байланыштырган көпүрөдө катуу бороон маалында жүк ташуучу жана жүргүнчү поезддер кагышканын Даниянын темир жол мекемеси билдирди. Катаал аба ырайы жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүүгө тоскоолдук жаратып жатканы кабарланды. Кырсык маалында поезддердин биринде жүргүнчүлөрдү жана экипаж мүчөлөрүн кошкондо 131 киши болгон. Жүргүнчү поезд Даниянын Фюн аралындагы Оденсе шаарынан... Читать дальше...
Дүйнөлүк уйгурлар жамаатынын лидери Рабие Кадер жана “Кыргызстандын адам укуктар комитети» уюмунун төрагасы Рамазан Дырылдаев Кытайдын Шинжаң районундагы аз улуттардын абалы боюнча кайрадан биргелешкен билдирүү таратышты. Анда алар дүйнөлүк укук коргоо кыймылдарын Кытай өкмөтүнөн Шинжаңдагы уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу мусулман азчылыктарынын укуктарын сыйлоону жана алардын өкүлдөрүн саясий лагерлерден бошотууну талап кылууга чакырган. Ошондой эле билдирүүнүн авторлору Орусия, Казакстан... Читать дальше...
Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүндө эки кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.
1-январдан тартып жаңы Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Бул кодекске ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдун өлчөмү көбөйдү. Бул эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт. Жаңы жылдан кийин эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылган. Мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөрдү "маичилер" жана айдоочулар кандай кабыл алды?
1-январга караган түнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө чыккан өрттө эки кыз каза болду.
Дана Уайт эгер бардыгы план боюнча кетсе, мушкерлердин беттеши ишке ашышы керек деген ойдо.
Ош шаарынын тургуну Мадина Арслан кызынын мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да тоок чарба иштеткени тууралуу баяныбыздан соң ага АКШда иштеген мекендештер кайрылып, дарылануусуна жардам беришиптир. Сурдокотормочулукту үйрөнүп жаткан 22 жаштагы жаратман каарманыбыз баса албайм деп чүнчүп, үйдө отуруп калууну каалабай коомго аралашып, өзүн алга жетелеп, керек болсо өзү сыяктуу адамдардын жашоосун жеңилдеткенге жардам берсем деп тилек кылат.
Магнитогорскидеги жарылуудан азырынча теракттын издери табылган жок. Орусиянын Тергөө комитети ушундай билдирүү таратты. Көп кабаттуу үйдө болгон жарылуудан курман болгондордун саны 20га чукулдады.
Орусиянын Магнитогорск шаарында 31-декабрда болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 19 адамга жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25 кишинин дагы эле дайыны чыкпай жатканын бүгүн, 2-январда билдирди. Маалыматка ылайык, каза тапкандардын арасында эки өспүрүм бар. Алты адам, алардын ичинде эки бала урандылардын арасынан аман-эсен куткарылып, ооруканага жөнөтүлдү. Жаңы жылга караган түнү Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын бири жарылуудан улам урап түшкөн. Орусиянын Тергөө комитети көп кабаттуу үйдө газ жарылган болушу мүмкүн экенин... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1-январда мас абалында автоунаа айдап бараткан айдоочу кармалып, жаңы жылдан тартып күчүнө кирген Административдик кодекске ылайык 17 500 сом айыппулга жыгылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди. -1-январь күнү Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочу милиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндө оозунан... Читать дальше...
НАСАнын 12 жыл мурда космоско учурулган планета аралык аппараты Күн системасынын эң алыскы мейкиндигиндеги "Ultima Thule" же "Дүйнөнүн кыйыры" аттуу астероиддин жанынан учуп өттү. АКШнын Космостук агенттиги (NASA) "Жаңы горизонттор" аттуу бул космостук зонд астероидди жандап өткөндөн кийин жөнөткөн сигнал алты сааттан кийин Жерге жеткенин 1-январда кабарлады. Маалыматка ылайык, бул аппарат "Ultima Thule" астеороидинен 3,5 миң чакырым аралыкта учуп өткөн. "Дүйнөнүн кыйыры" атыккан, узундугу... Читать дальше...
Түркмөнстанда алкоголдук ичимдиктердин соодасын кескин түрдө чектеген жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, 1-январдан тартып спорт борборлорунда, поезддерде, учактарда жана кемелерде алкоголго тыюу салынат. 5,6 миллиондой калк жашаган, алардын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн бул өлкөдө мындан ары улуттук майрамдар учурунда да алкоголдук ичимдиктерди сатууга болбойт. 2021-жылдан тартып ишемби жана жекшемби күндөрү кафе-барлар менен ресторандардан башка жерлерде алкоголдук ичимдиктерди элге сунуш кылууга да чектөө киргизилмекчи. Читать дальше...
Мамат Райымжанов журналистика менен кара сөздү эриш-аркак ала жүргөн жазуучу болчу.
Орусиянын Кемерово шаарында пенсия реформасына каршы акцияларды уюштурууга көмөктөшүп келген активист сабалды. Валерий Казанцевди 1-январда таң эрте өзү жашаган үйдүн подъездинде белгисиз адамдар сабап кетишкенин "Нааразы Кузбасс" аттуу жергиликтүү кыймылдын координатору Лев Гяммер маалымдады. Окуя активист Жаңы жылды белгилеген кечеден үйүнө кайтып келе жаткан учурда болгон. Гяммердин айтымында, кол салган эки киши активист Казанцев муну "эскертүү" катары кабыл алышы керек экенин айткан. "Нааразы... Читать дальше...
Глобалдык экономиканын жыл тогошкон мезгилдеги абалы кандай? “Соода согуштары” менен коштолгон 2018-жылдан 2019-жылга дүйнөлүк экономика кандай көрсөткүчтөр менен кирди?
1-январдан тартып күчүнө кирген “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине” катталган иштер боюнча жалпысынан 121 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Алгачкылардан болуп Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Панфилов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан автоунааны документи жок айдап бараткан адам кармалып, аталган реестрге киргизилген. 1-январь, саат түнкү 12:00дөн 2-январь, түшкү саат 12:05ке чейин автоматташтырылган... Читать дальше...
Расмий Бээжин Тайвань менен Кытайдын тынч жол менен биригишине каршы турган күчтөргө "бардык керектүү чара көрүү" мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзиньпинь 2-январда билдирип, биригүү жараяны акыры ишке ашаарынан күмөн санабай турганын айтты. Ал эки тараптын элин бул максатты орундатыш үчүн аракет кылууга чакырды. "Тайвандагы мекендештердин басымдуу бөлүгү бул аймактын өз алдынчалыгы Тайвандын өзүнө чоң бүлгүн салаарын так түшүнүүгө тийиш. Эл Тайвандын эгемендигин сүрөгөн... Читать дальше...
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги радикал топтордун Интернетте, социалдык тармактарда кылган аракеттерин көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мониторинг радикал уюмдардын чагымчыл жана бөлүп-жаруу аракеттерине бөгөт коюу максатын көздөйт. Кыргызстанда жыл башында экстремизм менен терроризмди жайылтат деп эсептелген 150дөн ашуун интернет-булактын ишине бөгөт коюлган. Сайттардын көбү "Хизб-ут-Тахрир", "Талибан"... Читать дальше...
Америкалык боксчу атаандашын биринчи раундда эле нокаут менен уткан.
Алай районунда 10-класстын окуучусу асынып алышынын чоо-жайы иликтенип жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Окуя 28-декабрда кечке жуук Боз-Караган айылында болгон. Өзү жашаган үйдүн короосунда муунуп каза тапкан баланын сөөгүн атасы тапкан. Маркумдун туугандары эч кимге доосу жок экенин айтып, милициянын сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүү тууралуу сунушунан баш тартышкан. Маалыматка караганда, өспүрүм Боз-Караган айылындагы мектепте былтыр окуй баштаган. Ага чейин апасы менен Орусияда жашап... Читать дальше...
Орусия колдогон жикчилдер менен расмий Киевдин ортосундагы ок атышпоо тууралуу жаңы макулдашууга карабастан, Украинанын чыгышындагы кармашта эки украин аскери мерт болду. Дагы эки жоокер жарадар болгонун Украинанын Коргоо министрлиги 2-январда билдирди. Анын маалыматына ылайык, жикчилдер 1-январда ок атып, граната жана снаряд чабуулдарын уюштуруп, макулдашууну үч жол бузган. Украинанын өкмөттүк күчтөрү буга жооп кайтарып, жикчилдердин бир өкүлүн жок кылышкан. Кеминде төрт жикчил жарадар болгон. Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, экстремизм менен радикализмдин алдын алуу максатында аймактарда ислам дини боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Негизинен исламдын негиздери жана салттуу дин тууралуу окуулар, жолугушуулар декабрдын аягында өткөрүлө баштады. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бирге имамдарга жана дин кызматкерлерине радикалдашууга жол бербеш үчүн кошумча курстар өткөрүлдү. Милиция Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдарга катышы бар экени сөз болгон... Читать дальше...
Орусиянын Тергөө комитети Магнитогорск шаарындагы бир нече кишинин өмүрүн алган жарылууну теракт катары мүнөздөөгө далилдер жоктугун билдирди. "Медиа каражаттарындагы бир катар маалыматтарга байланыштуу айтып коюшубуз керек. Иликтөөнүн азыркы этабында урандылардын алдынан жардыруучу заттардын же алардын бөлүктөрүнүн изи табылган жок",- деп айтылат Тергөө комитетинин 1-январдагы билдирүүсүндө. 31-декабрда Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын бири жарылуудан улам урап түшүп, андан каза тапкандардын саны 13кө жетти. Читать дальше...
Бишкек, 2-январь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Магнитогорскиде газ жарылып, анын кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.