Армениянын баш калаасы Ереванда премьер-министр Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылып, жүрүшкө чыккан демонстранттарга аскердик форма кийген жыйырмадай киши кошулганын "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады. Алардын арасында колуна армян желегин көтөргөн подполковник да бар. Аскердик кийим кийгендер кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатышканын, "эл менен болууну" чечишкенин айтып беришти. Ереванда бүгүнкү жүрүштөрдөн улам борбордук көчөлөрдүн көбүндө жол кыймылы үзгүлтүккө учурады. Читать дальше...
Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн улук прокурору Эркин Курманалиевдин автоунаасын жардырган Төлөгөн Айтмырзаев 21 жылга эркинен ажыратылды. 20-апрелде Октябрь райондук соту ушундай өкүм чыгарды. 2016-жылдын 29-июлунда Орто-Сай базарынын жанында автоунаа жарылып, анын ичинде отурган прокурор көзүнөн жана колунан айрылган. Тергөөдө Айтмырзаев Курманалиевге тууган экени жана ага 60,5 миң доллар карыз экени аныкталган. Ортодо ал өз үйүн Курманалиевдин апасына каттатууга аргасыз болот. Прокурор... Читать дальше...
Ирандын бийлиги өлкө аймагындагы банктар менен финансылык институттарга криптовалюталарды колдонууга тыюу салды. "Өлкөнүн бардык валюталык жана финансылык борборлорунда биткоинди жана башка криптовалюталарды колдонууга тыюу салынат" деп айтылат Ирандын Борбордук банкы 23-апрелде тараткан билдирүүдө. Маалыматка ылайык, мындай чечимди өкмөттүн Финансылык көз боёмочулукка каршы комитети декабрда кабыл алган. Азыр ал чечим күчүнө кирип жатат. Борбордук банк виртуалдык валюталар террорчулукту... Читать дальше...
Жогорку соттун коллегиясы бүгүн, 23-апрелде "Zanoza.kg" сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири, журналист Дина Масловага байланыштуу соттук ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди. - Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы бүгүн Дина Маслованын өтүнүчүн карады. Бул экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доосу боюнча компенсацияны бөлүп төлөө боюнча өтүнүч болчу. Соттук коллегия ишти карап, өтүнүчтү кайра кароого жөнөттү. Читать дальше...
Бельгиянын соту "2015-жылдагы Париждеги чабуулдарды уюштурду" деп шек саналган Салах Абдесаламды Брюсселдеги атышуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал француз баш калаасындагы чабуулдардан башка 2016-жылы Брюсселде полиция кызматкерлерине кол салганы үчүн айыпталып жаткан. 23-апрелде чыгарылган сот өкүмүнө ылайык, Абдесалам 20 жылга эркинен ажыратылат. 2015-жылдын ноябрында Франциянын борборунда болгон террордук чабуулдардан 130 кишинин өмүрү кыйылган. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алган. Читать дальше...
Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов өспүрүм балага кол көтөргөн деп айыпталууда. Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, 2017-жылы сентябрда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тургуну 55-60 жаш чамасындагы адам анын небересине кол көтөрүп, денесине ар кандай жаракат келтиргенин билдирип арыз жазган. Бул окуяга байланыштуу соттук-экспертиза дайындалып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси боюнча (“бейбаштык”) кылмыш иши козголгон. - Айыпталуучу... Читать дальше...
Армениянын баш калаасы Ереванда премьер-министр Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылып, жүрүшкө чыккан демонстранттарга аскерлер да кошулуп кеткени кабарланууда. Аскердик кийим кийгендер кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатышканын, "эл менен болууну" чечишкенин айтып беришти.
Түндүк Кореядагы автобус кырсыгынан 32 кытайлык турист жана төрт түндүк кореялык мерт болду. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 23-апрелдеги басма сөз жыйынында билдиргендей, окуя Пхеньяндын түштүк тарабындагы Хванхэ-Пукто провинциясында бир күн мурда болгон. Мамлекеттик телеканалдар түндө окуя болгон жерде тартылган видеону көргөзүштү. Анда автобус ала салып кеткени, жаан жаап жатканы көрүнүп турат. Кытай оор абалда жаткан эки жаранына жардам көрсөтүш үчүн дарыгерлерди жана дипломаттарды коңшу өлкөгө жөнөттү. Читать дальше...
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаев менен акын жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Бүбүайша Арстанбекованын арыздарын териштирүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Адыл Оморов “Азаттыкка” кабарлады. - Экөөнүн ортосундагы келишпестиктен улам эки жак тең арыз жазышкан. Учурда эки арыз тең каралып жатат, - деди ал. Буга чейин актердун жубайы Жыпаргүл Турсунбаева Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында... Читать дальше...
Арменияда экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршылык билдирген демонстранттар дүйшөмбү күнү да көчөгө чыгышты. Жекшембиде он миңдеген адам митингдерди баштап жүргөн оппозициячыл депутат Никол Пашиняндын кармалышына каршылык иретинде баш калаа Еревандын Республика аянтына чогулушту. Анда демонстранттар шаарда мурдагыдай бир жерге эле топтолбостон ар кыл райондордо жүрүштөрдү баштоону макулдашты. Ага ылайык, чакан топтор жер-жерлерде жолду тосуу сыяктуу жарандык баш ийбөөчүлүк акцияларын өткөрмөй болушкан. Читать дальше...
Ооганстандын Бадгис провинциясындагы эки удаалаш чабуулдан кеминде 14 жоокер жана полиция кызматкерлери мерт болду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришкендей, дүйшөмбү күнү куралчан адамдар Аб Камари районундагы аскерлерге кол салып, андан 9 жоокердин өмүрү кыйылган. Ошол эле маалда согушкерлер Кадис районундагы полиция бекетине да чабуул коюп, беш полиция кызматкерин өлтүрүп кетишкен. Бул кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бадгис провинциясынын жетекчисинин орун басары Гулам Сарвар... Читать дальше...
Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы Маткерим Рахманбердиев атындагы мектептин 9-классынын окуучусу 18-апрелден бери дайынсыз. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү тургундар, мектептин окуучулары билдирди. Маалыматка ылайык, кыз мектепке акыркы жолу хижаб жамынып келген. -17-апрелде бизде "Жаш таланттар" деген конкурс болгон. Ал жерден кадимкидей эле ырдап-бийлеп жүргөн. Анан эртеси эле жоолук оронуп келди. Мугалимдер бир сыйра таң калып, бирок анын чечимине эч нерсе дешкен жок. Ошондон кийин эле жок. Читать дальше...
Тогуз-Тородо алтын ылгоочу фабриканы өрттөөгө шектүү катары кармалган 12 жарандын сегизи Аламүдүн районундагы №50 тергөө абагына которулат. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын сегизи учурда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында, калган төртөө №1 тергөө абагында кармалууда. Оторбаев аларды Жалал-Абадга которуу боюнча сөз болбогонун кошумчалады. Буга чейин кармалгандардын тарапташтары аларды Жалал-Абадга которуу аракети жүрүп жатканын айтышкан. Читать дальше...
Түштүк Корея Түндүк Корея менен чек арасындагы үн күчөткүчтөр аркылуу уктурулган үгүттүк берүүлөрдү убактылуу токтотуп жатканын билдирди. Мындай чечим эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунун алдында кабыл алынды. Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги бул кадам "эки мамлекеттин ортосундагы аскердик чыңалууну азайтууну" көздөй тургандыгын 23-апрелде кабарлады. Президент Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 27-апрелде жолукканы жатат. Бул акыркы он жылдагы эки өлкө лидерлеринин алгачкы кездешүүсү болмокчу. Читать дальше...
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун 50 чакты жашоочусу Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар алтын иргөөчү фабриканын өрттөлүшүнө шектүү катары камалган 12 жарандын бошотулушун талап кылышууда. 11-апрелде Тогуз-Тородо миңден ашык киши катышкан митинг өтүп, алар курулуп жаткан алтын иргөөчү фабриканын имаратын каршылык иретинде толугу менен өрттөп жиберген. Бул боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган. Читать дальше...
Бишкек шаардык кеңешинин Архитектура, жер жана шаар куруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы ар бири 9 миң сомго бааланган кочөттөр боюнча маселени карайт. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү Рысбай Аматов “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, кымбат көчөттөр боюнча бир дагы депутаттын кабары болгон эмес. - Сатып алуу болуп жатат, 14-15 миң сомдон болуп жатат деген маалымат келген. Чоң бактар деп ойлогонбуз. Кичине көчөттөр ушундай чоң баада экенине ишенген эмеспиз. Читать дальше...
"Сөз дайра" берүүсүндө ырыс, өтө, өтөгөн, өргөө деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев спикердин атына тармактык комитеттин башчылык ыйгарым укуктарын токтото тургандыгы жөнүндө кат жолдоду. Бул тууралуу депутат комитеттин кезектеги жыйынында билдирди. Аны парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мыйзамга ылайык, Бюджет жана финансы боюнча комитетти оппозициянын өкүлү жетектөөгө тийиш. "Республика – Ата Журт" фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына кирди. Мен ошол фракциянын мүчөсү болгондуктан... Читать дальше...
Диний абалга таасир тийгизген факторлор, мамлекеттин бул тармактагы саясаты, "Ыйман" фондунун ишмердүүлүгү, муфтияттын кетирип жаткан катачылыктары тууралуу Кыргыз-Орус (Славян) университетинин мугалими, дин таануучу Индира Асланова менен маек.
Диний абалга таасир тийгизген факторлор, мамлекеттин бул тармактагы саясаты, "Ыйман" фондунун ишмердүүлүгү, муфтияттын кетирип жаткан катачылыктары тууралуу Кыргыз-Орус (Славян) университетинин мугалими, дин таануучу Индира Асланова менен маек.
Армениянын борбору Ереванда жекшембиде он миңдеген адам көчөгө чыгып, мурдагы президент Серж Саргсяндын өкмөт башчы болуп дайындалышына каршылык билдиришти. Полиция кеминде 200дөн ашык манифестантты кармады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештеги 30 миң доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши тергелип бүтө электигин “Азаттыкка” билдирди. Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, тергөөнүн алкагында көрсөтмөлөр алынып жатат. Быйыл февралда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы ачыкка чыккан. Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана... Читать дальше...
Өкмөт башчылар бизде 28 жылда 29 ирет алмашыптыр, эми отузунчусу келгендеги кербези… Жаман айтпай жакшы жок – жоопкерчиликти бекемдебесек, көч бүлгүнгө учурап, эгемендиктен кол жууп калышыбыз ыктымал…
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Боом капчыгайында атайылап таш кулатуу иштери жүрөт. Түрдүү кырсыктарды алдын алуу максатында 24-апрелден 26сына чейин 8:00дөн 22:00гө чейин жол толугу менен жабылат. Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Ал эми Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт. (КЕ)
Бишкектин Октябрь райондук соту паракорлукка шектүү Башкы прокуратуранын үч кызмат адамына жана Чүй облустук милициясынын эки ыкчам кызматкерине карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу маалымат ушул мекемеден алынды. Маалыматка ылайык, Чүй облустук милициясынын 5-башкармалыгынын кызматкери С.К.Ч., ушул эле мекеменин улук ыкчам кызматкери К.Д.Т., Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын башчысы И.А.Б. жана дагы эки прокурор пара талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөдө... Читать дальше...