Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мэр Айтматов проспектисин кеңейтүүдө 66 үйдүн дубалы бузуларын айтты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү ишинин алкагында Киргизия конушундагы 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгүн бузуу пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 27-мартта Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында айтты.

Мэр президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратынын жанындагы конуштун тургундарына кенемте төлөп берүү маселеси боюнча да маалымат берди. Ал Киргизия конушундагы ар бир тургунга 10 сотыхтан көп жер бөлүнгөнүн, мунун мыйзамдуулугу каралып жатканын кошумчалады. Азырынча буздурулган дубалга кенемте төлөө же баш тартуу тууралуу чечим чыга электигин, бардык документтер текшерилгенден кийин гана чечим кабыл алынарып айтты.

“Биз азыр кенемте маселесин караган жокпуз деп билдирдик. Анткени биз мыйзамдуулук маселесин карап жатабыз — алар жерди кантип алышкан, жалпы план кантип бекитилген. 1997-жылы эле аларга кенемте берилбей турганы кабарланганбы. Ушунун негизинде биз чечим кабыл алабыз”, - деди ал.

Киргизия конушунун тургундары мэриянын аракетин мыйзамсыз деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирип чыгышкан.

Мэрия Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолун кеңейтип, алты тилкелүү трасса курууну, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар курууну пландап жатат.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна “Ынтымак ордо” деп аталган президенттин администрациясы 2024-жылы август айында ишке берилген. Азыр мамлекет башчы жана анын аппараты ушул имаратта иштейт. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus