Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Адвокат абактагы Султанбеков менен жолугушууга уруксат берилбегенин билдирди

28-декабрда №1 тергөө абагында жаткан Темирлан Султанбековго адвокаты менен жолугушууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу адвокат Улан Сейитбековдун билдирүүсү Бишкек шаар кеңешинин мурдагы депутаты Кадыр Атамбаевдин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.


Сейитбеков видеодо жолугушууга Бишкектеги №21 тергөө абагынын жетекчилигинин буйругу менен уруксат берилбегенин айткан.



"№21 тергөө абагынын жетекчилиги бул буйругу менен анда кармалып турган жарандардын адвокаттары менен жолугушуусуна жана юридикалык жардам алуу укугун бузат. Тергөө абагынын иш графигинин өзгөртүлүшү да Кылмыш-процессуалдык кодексинин 17-беренесине туура келбейт. Ага ылайык, камалгандар адвокаты менен дем алыш күндөрү да жолугууга толук укуктуу", - деди адвокат.


Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматка комментарий бере элек.




Бишкек шаарындагы №21 мекемеде (№1 тергөө абагы) 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу жадыбалы өзгөртүлүп, ага ылайык ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелине баштаганы кабарланган.



Акыйкатчы институту бул Жазык-процесстик кодексинин 46-беренесин бузарын эскерткен. Ага ылайык, айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана чектөөсүз убакытта эркин баарлашууга укуктуу.




Абактагы жолуктуруу графигинин өзгөрүшүнүн мыйзамдуулугун текшерүү үчүн жана кармалгандарга күч колдонуу боюнча чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.


Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялаганын, айрымдары сабалганын жазышкан. 23-декабрда ондон ашык киши ушундай талап менен аталган тергөө абагынын алдына чогулган, алар абакта кармалган жакындары менен жолуктурууну талап кылышкан.



Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматты төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.


Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.



Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын быйыл 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.



Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus