Добавить новость

В Абхазии нашли средства для выплаты заработной платы бюджетникам за ноябрь

ЕС обсудит введение новых санкций против России за «гибридные угрозы»

Минцифры назвало год, когда в российских поездах и самолетах появится спутниковый интернет

В Белоруссии военнослужащие стали использовать аналог Starlink



World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

12-декабрь: Бишкекте 31 млн рублди тоногондор кармала элек, Сахалинде мигранттарга карата чектөө катаалдашты

12-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.


Абактагы Султанбеков Ташиевдин сөзүнө жооп берди


Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин ал тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айткан сөзүнө кат менен жооп берди. Анын Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган каты 12-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.


Султанбеков анда Кыргызстанда биринчи жолу саясий партия шайлоонун алдында жарыштан четтетилип, лидери камакка алынганын, муну менен бийлик алсыздыгын көрсөткөнүн жазган.


“Сиз кечээ мени саясий негизде каматканыңызды эл алдында моюнга алганыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. “Султанбеков мамлекетти башкаргысы келип жатат” деп ачык эле айттыңыз, бирок добуш сатып алуу боюнча бир ооз сөз сүйлөгөн жоксуз. Мен “мамлекетти башкарам” деп Ак үйдү басып алууга аракет кылып, тосмодон ашып түшүп шымымды айрып алган эмесмин. Мен ар дайым мыйзам чегинде гана аракет кылам жана сиздерди да ошого чакырам”, - деп жазылган катта.


Камчыбек Ташиев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаевдин суроосуна жооп берип жатып, Темирлан Султанбеков мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирген.


“Султанбеков менен эрегишпесек, жаш бала болсо, жаш баладай өзүн алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келип жатат. “Эгер мамлекетти башкара албасаңар мага бергиле” дейт. Ал үчүн өсүшү керек. Ага чейин мыйзам алдында жооп берсин”, - деген Камчыбек Ташиев.


Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.


ИИМ: 31 млн рублди карактап кеткендер табыла элек


Ички иштер министрлиги (ИИМ) 11-декабрда Чокморов көчөсүндө төрт адам бычак менен эки кишиге кол салып, жабырлануучулардын 31 млн 264 миң рубль акчасын тартып алып, изин жашырып кеткенин кабарлады. Шектүүлөр каражатты алгандан кийин жасалма номур тагылган Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен. Алар бул машинени Чуйков көчөсүнө калтырып, чет элдик номурлуу “Лада” үлгүсүндөгү башка автоунаа менен изин жашырган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделип жатат. Жабырлануучулардын колу жана бети кесилген.




Өзбекстанда Орусия менен виза режимин киргизүү сунушталды


Өзбекстандын “Улуттук кайра жаралуу” ("Миллий тикланиш") партиясынын жетекчиси Алишер Кадыров орусиялык саясатчылардын Борбор Азия, асыресе Өзбекстан менен виза режимин киргизүү сунуштарын колдоорун айтты. Муну менен катар аймактын өлкөлөрүн биригип туруп орусиялыктарга виза киргизүүгө чакырды. Саясатчы Телеграм-каналдагы постунда муну Орусиядагы "күтүлүп жаткан бейстабилдик" жана Өзбекстанга келген релоканттардын көбөйүү ыктымалдыгы менен түшүндүрдү.


Ошондой эле Өзбекстанда жашаган бардык адамдарды өзбек тилин, маданиятын жана баалуулуктарын урматтоого үндөдү.


Буга чейин орусиялык саясатчылар, анын ичинен ЛДПР партиясынын төрагасы Леонид Слуцкий "Мигранттын кодексин" түзүүнү, ал эми депутат Сергей Миронов өзбек жарандары үчүн виза режимин киргизүүнү сунуш кылган.


Орусиянын Мамлекеттик думасы 11-декабрда орус тилин жетиштүү деңгээлде билбеген чет элдик балдарды мектептерге алууга тыюу салган мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алды.


Жаңы жобого ылайык, балдарды мектепке алуу алдында алар орус тилинен сынак тапшырууга тийиш. Андан тышкары баланын үй-бүлөсү Орусияда мыйзамдуу жүрөт деген уруксат кагаздарды текшеришет.


Сентябрда “Улуттук кайра жаралуу” партиясынын лидери Өзбекстанда советтик идеологияны жайылтууга тыюу салуу демилгесин көтөргөн.


УКМК экс-депутат Султан Урманаевди кармады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султан Урманаев коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматында ал 1995-1996-жылдары “Кыргызтрансавто” мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турганда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен “Токчулук” мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттен сатып алганы айтылат. Андан тышкары мурдагы Балыкчы эт комбинатынын мүлкүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөргөнү аныкталган. Бул мүлктүн баасы 626 млн сом деп эсептелген. Ачык булактардагы маалыматта 76 жаштагы Султан Урманаев “Кыргызтрансавтону” 1996-1998-жылдары башкарганы, 2000-жылга чейин өзгөчө кырдаалдар министри болуп, 2000-2002-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору кызматында иштегени, 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланганы айтылат. Анын жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.


ЖК дин боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду


Жогорку Кеңеш 12-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Министрлер кабинети сунуштаган документ кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат. Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.


Сахалин: мигранттардын үй чарбаларында иштөөсүнө тыюу салынат


Орусиянын Сахалин регионунун бийлиги мигранттарга жеке адамдардын (физикалык жактардын) үй чарбаларында иштөөгө тыюу салат. Бул тууралуу аймактын өкмөтүнүн сайтында айтылат.


Мындан тышкары келгиндерге патент менен эмгектенүүгө уруксат берилбеген тармактар 24кө чейин кеңейтилди. Эмгек жана элди жумуш менен камсыз кылуу агенттигинин жетекчиси Татьяна Бабичтин маалыматына ылайык, чектөөлөр квалификациясы төмөн чет өлкөлүк жумушчулардын санын азайтууга жана жергиликтүүлөрдү ишке орноштурууга өбөлгө түзөт.


Буга чейин Сахалинде чет элдик жарандарга нан жабуу, азык-түлүк менен соода кылуу, такси, жүргүнчү ташуу, тамак-аш жеткирүү, мектепке чейинки билим берүү тармактарында, ресторандарда, коопсуздук ишканаларында эмгектенүүгө тыюу салынган.


Мартта Москвадагы Крокус Сити Холлдо болгон теракттан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөдү. Ал кол салууну расмий версияга караганда тажик жарандары уюштурган.


Эмгек мигранттарын кармоо, аскердик каттоого коюу, башка кысым-басым учурлары көбөйдү.


Орус Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 65 миңден ашуун чет элдик өлкөдөн депортацияланды, 120 миң мигрантка кирүүгө тыюу салынды. Жумушчу күч тартыш болуп жаткан чакта Орусияга барган мигранттардын саны азайды.


Былтыр октябрда чет өлкөлүк жарандарга мектептерде, фармацевтикалык тармактарда, мамлекеттик медициналык мекемелерде, такси жана жүк ташуу кызматтарында иштөөгө тыюу салууну караган мыйзам долбоору Мамлекеттик думага сунуш кылынган. Бир катар региондор келгиндерге башка тармактарда да иштөөгө уруксат бербейт.


Быйыл дүйнөдө 54 журналист кесибине байланыштуу каза тапты


2024-жылы дүйнөдө 54 журналист кесибине байланыштуу каза тапкан. Францияда жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму өз отчетунда өзгөчө жаңжалдар жүрүп жаткан аймактарда журналисттерге кол салуулар көбөйгөнүнө тынчсызданат.


Баяндамага ылайык, 54 журналисттин 31и согуш зоналарындагы окуяларды чагылдырып жүргөндө набыт болгон. Бул – беш жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.


Газа эң кооптуу жер деп сыпатталган. Быйыл бул тилкеде кесиптик милдетин аткаруу убагында каза тапкан журналисттер жалпы көрсөткүчтүн 30% түздү.


Он айда Кыргызстанга сырттан 2,5 млрд доллар которулду


Быйыл январь-октябрь айларында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 2,5 млрд доллар которулган. Улуттук банктын маалыматына караганда, бул былтыркы он айдагы көрсөткүчтөн көп. Которулган акчанын басымдуу бөлүгү - 2,3 млрд доллар Орусиядан келген. Кыргызстандан Орусияга бул аралыкта 323 млн доллар которулган. Алыскы чет өлкөлөрдөн 158 млн доллардан ашуун которулган. 2023-жылдын январь-октябрында өлкөгө сырттан которулган акчанын суммасы 2,2 млрд доллар болгон.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Главное путешествие зимы начинается: Москва приглашает на самый масштабный новогодний фестиваль

Мужчина упал на шампур на поминках в бане в Москве

В Минфине сказали, что будет с семейной льготной ипотекой

План обновлений российской версии MMORPG LOST ARK от Astrum Entertainment и Smilegate RPG

Музыкальные новости

Хита ABBA и The Beatles в исполнении симфонического прозвучат в концертном зале «Колизей - Арена»

Sport24: официальный сайт "Зенита" стал недоступен во многих странах мира

В дни школьных каникул балет «Щелкунчик» пройдет в «Колизей - арене»

Тренер Бышовец назвал равными шансы "Зенита" и "Краснодара" на победу в РПЛ

Новости России

Главное путешествие зимы начинается: Москва приглашает на самый масштабный новогодний фестиваль

В Минфине сказали, что будет с семейной льготной ипотекой

Более 6 тыс. плюшек продали в рамках проекта «Зима в Москве»

В Троицком округе расселили 22 дома в рамках программы реновации

Экология в России и мире

Termit представил амбассадоров бренда

Жиросжигающие цитрусы: как похудеть с пользой рассказал гастроэнтеролог Садыков

Missoni, коллекция pre-fall 2025

Победили рак: российские ученые создали первую в стране персонализированную вакцину против рака

Спорт в России и мире

Президент Федерации тенниса Италии сравнил Янника Синнера с Винус Уильямс

Полина Кудерметова проиграла в первом круге турнира WTA-125 в Лиможе

Теннисистка года в России — Дарья Касаткина! Итоговый рейтинг «Чемпионата» — 2024

Миллиардер дал совет Елене Рыбакиной

Moscow.media

Солнечное гало

Котельная в Малоархангельском районе появилась пока только на бумаге

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G

ТСД SAOTRON RT41 GUN: практичный, производительный, надёжный











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Картину Ильи Репина выставят на торги за несколько десятков миллионов

В Волгограде раскрыли кражу телефона в поезде Москва — Камышин

Три автомобиля столкнулись на внешней стороне ТТК

Экс-ульяновец Радик Хайруллов будет брать уроки у Дмитрия Губерниева