26 күндөн бери абакта ачкачылык кармап жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жакындары анын саламаттыгына тынчызданып, өлкө жетекчилерине кайрылды. Адвокаттар анын ден соолугу начарлап, дене табы түшүп, алсырап жатканын айтышты. Бийлик Султанбековдун абалы тууралуу комментарий бере элек.