Ички иштер министрлиги (ИИМ) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында атайын мобилдик тиркеме иштеп чыгууда. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын улук тескөөчүсү Наргиза Усенова 1-радиого курган маегинде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, тиркеме жабырлануучу зарыл учурда тиркемени ачып, SOS баскычын басканда жакынкы милиция бөлүмүнө кабар келип түшөт.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктун жабырлануучусуна коргоо ордери берилет. Эгер коргоо ордеринин шарты бузулуп, кайрадан зордук-зомбулук болчу болсо, анда жабырлануучу тиркеме аркылуу жардам чакырган баскычты басса эле, жакынкы милиция бөлүмүнө маалымат түшөт. Ал жерге ыкчам жетип барууга шарт түзүлөт", - деди Наргиза Усенова.
Ушул тапта мобилдик тиркеме иштеп чыгуу үчүн тендер жарыяланган.
Наргиза Усенова коронавирус пандемиясы учурунда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көп катталгандыктан, ИИМде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо бөлүмү ачылганын айтты. Аталган бөлүмгө электрондук журналга түшкөн бардык маалыматтар катталат. Эгер кылмыш курамы болсо, анда ал кылмыштарды каттоочу реестрге жазылат.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган учурда коргоо ордери 30 күнгө берилет. Коргоо ордери зомбулук жасоону кайталабоо сыяктуу шарттарды бузса, зомбулугун кайталаса, сот аркылуу жети суткага камакка алынат.
Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 239 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 12 001 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 11 227си аялдарга, 529у эркектерге берилген. Андан тышкары 245 бала коргоо ордерин алган. (ZKo)