Жалал-Абад облустук сотунун судьялары К.К.Э., М.М.К. жана облустук соттун мурдагы судьясы У.К.М. Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу” беренелери менен шек саналып кармалганы белгилүү болду.
Судьялар кеңеши 22-ноябрда Башкы прокуратуранын сунуштамасын карап, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
К.К.Э. – Эстебесов Курал Калыгулович, М.М.К. – Кенжеев Марсел Майрамбекович экени айтылууда. Бул тууралуу Жогорку соттун же Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы комментарий бере элек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 24-ноябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы коррупцияга айыпталып, кармалганын айткан.
Акыркы эки жылдын ичинде бир катар судьялар пара алууга жана коррупцияга шек саналып кармалган. Алардын айрымдары соттун чечими менен айып пул төлөөгө милдеттендирилип, камактан чыгарылса, кээ бирлери акталган.
Жогорку соттун судьясы Кыдык Жунушпаев Жогорку Кеңештин 15-майдагы отурумунда 2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткенин айткан. (BTo)