Грузияда оппозиция нааразылык акцияларын жаңы планын иштеп чыкканча бүгүнчө токтото турууну чечти. Бул тууралуу 20-ноябрда "Эхо Кавказа" сайты "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция" кыймылынын лидерлеринин бири Зураб Жапаридзенин айткандарына таянып билдирди.
Мындан аркы аракеттер кандай болушу керектигин тактап алганча акциянын катышуучуларын тарката туруу керек болуп жатканын айткан Жапаридзе бийлик өз стратегиясын өзгөртүп, митингчилерге тоскоолдук жаратуу амалдарын күчөткөнүн белгиледи.
Жаңы план бүгүн-эртең иштелип чыгары маалымдалды.
Парламенттик шайлоо таза өтпөгөнүн айткан демонстранттар 17-ноябрдан тартып акцияларын "жаңы форматта" улантып жатканын жарыялаган. Ошол түнү алар борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринин жанына 30 чакты чатыр тигишкен. Бирок эртеси күнү полиция аларды күч менен таркаткан.
26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партия добуштардын 53,92%, ал эми оппозицияга 38% тийгенин жарыялаган.
Он миңдеген киши чогулган нааразылык акциялары Грузияда буга чейин бир нече жолу өткөн, алардын баарында полиция демонстранттарга каршы күч колдонгон.(RK)