Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш тараптарды Тоолуу Карабахтагы "согуштук аракеттерди тез арада токтотуп, сүйлөшүүлөргө кайтууга" чакырды. Бул маалыматты жекшембиде анын өкүлү маалымдады. Билдирүүдө Гутерриш Армения жана Азербайжандын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө даяр экени кабарланган.
Армения Карабах чатагында экинчи тарап болуп саналбаганы менен, өзүн Азербайжандан көз карандысыз Тоолуу Карабах деп атап алган республиканы ачык колдоп келет.
27-сентябрда Баку Арменияны азербайжандык аскерлерге жана калктуу конуштарга ок жаадырды деп айыптап, жооп түрүндө курал колдонулганын кабарлаган. Эки тараптан тең жарадарлар жана каза болгондор бар экени айтылууда. Тоолуу Карабахтын башчысы Араик Арутюнян армян тарапта "ондогон жарадарлар жана өлгөндөр бар экенин" жекшембинин кечинде айтты. Армениянын коргоо министрлиги азербайжан тараптан 250 чамалуу аскер жок кылынганын маалымдады. Азербайжан азырынча маалымат бере элек.
Арутюнян Түркияны жаңжалга кийлигишти деп айыптап, буга азери тарап "Түркиянын учкучсуз учактарын пайдаланып жатканын" себеп кылды. Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Азербайжанга тилектештигин билдирген, бирок жаңжалга аралашуусу тууралуу маалымдаган эмес.
Гутерриштен тышкары чатактарды тескөө боюнча Минск тобуна кирген Франция, Орусия жана АКШ да Тоолуу Карабахтагы жаңжалды токтотууга чакырды. АКШнын мамкатчысынын биринчи орун басары Стивен Бигэн Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлерине телефон аркылуу байланышканы кабарланды.
Азербайжан Тоолуу Карабахтагы жана ага жакын жердеги армяндар жыш жашаган аймакты 1990-жылдардан бери көзөмөлдөбөйт.
1994-жылы чатак токтотулганы менен, акыркы жылдары аймакта жаңжал оту тез-тез тутанып келе жатат.